Бүгүн, 8-сентябрда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында комитет төрагасы Каныбек Иманалиев министрлерден келишимдерди кыргыз тилинде алып келүүнү талап кылды.
“Бүгүн келишимдердин көпчүлүгү орус тилинде жана терминдер менен жазылып келиптир. Кыргызча которуп келиңиздер”,- деди ал. Анын пикирин депутат Турсунбай Бакир уулу да колдоого алып, бир катар терминдерге түшүнбөй жатканын айтты.