Жалал-Абад шаарынын мэри болуп көпчүлүк добуш менен Салайдин Авазов шайланды. Маалыматка таянсак, ага Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 30у "макул" деп добуш берген. Атаандашы Нурлан Маматов 1 добуш алганы айтылды. Айта кетсек, С.Авазов мэрлик кызматка талапкер катары КСДП фракциясынан сунушталган.
Салайдин Авазов:
1955-жылы туулган
Улуту - кыргыз
Билими - жогорку, инженер-электрик
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген