Баткен облусунда жол кырсыгы катталып, 31 жаштагы айым каза болду

Баткен облусунда жол кырсыгы катталып, 31 жаштагы айым каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен бүгүн, 8-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-сентябрь күнү саат 00:30 чамасында катталган. Анда Ауди С4 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен 31 жаштагы айым каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aszyma
2014-09-08 16:20:39
Баткен облусунун кайсы районуда, кайсы айылыда экен
0
nelli
2014-09-08 23:02:56
Кадамжай шаарында Азиретиали ыйык жайында болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан