Нефтетрейдерлер ассоциациясы: "Кыргызстанда бензиндин жетишсиздиги күтүлбөйт"

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын таңсыктыгы күтүлбөйт. Муну бүгүн, 8-сентябрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, күйүүчү майлар боюнча Казакстандагы кырдаал Кыргызстанга таасирин тийгизбейт. "Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун ишке берилишине байланыштуу баалардын төмөндөшү күтүлөт",- деп билдирет мекеме. Айта кетсек, буга чейин Казакстанда бензиндин тартыштыгы жаралып жатканы айтылган. Коңшу өлкөдөгү ири май куюучу жайлар талон аркылуу гана унааларга бензин куюп жатканы маалымдалган болчу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан