Бишкекте белгисиз адамдар экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап кетишкен

Бишкекте белгисиз адамдар экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда күч органдарынан билдиришти.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, өткөн жумада милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда белгисиз адамдар Бишкек шаарынын тургунун сабап, унаасын айдап кетишкени айтылган. Кийин жабырлануучунун өздүгү аныкталып, ал Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Иса Өмүркуловдун баласы экени белгилүү болгон. 

Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы да тастыктады. Ошондой эле учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dadin1
2014-09-08 12:51:47
Жол эрежесин одоно бузуп байлыгына,бийлигине чиренип чон суйлосо керекда,атывирем,жутувирем,иритип-чиритиверем деп. 1-2 жыл мурда Суперге роллик чыкпады беле И.Омуркуловтун баласы катышкан,Машинасы менен сузуп 2-3 адамдын омурун алып тынса да керек эле.Ким кылса да эр экен Молодец!!!Озунду эр ойлосон,бироону шер ойло дегендей болуптурда.
+8
Мэри
2014-09-08 13:03:52
"атыпвирем,жутупвирем,иритип-чиритиверем" ????
"атып жиберем, жутуп жиберем, чиритип жиберем" деп эле жазса болбойбу?
-2
toktopolot79
2014-09-08 20:15:25
Мэри, Жонокой создор "жаргон" стилде ошентип айтылат.
-1
Nursultan
2014-09-08 13:13:01
Bovoitta
+1
Frunze1
2014-09-08 14:37:16
Любой кыйын буканын да касабы табылат дейт, колу айга, тобосу кокко жетип, эч кимди тенсинбей манчыркагандардын да ушундай намазын окута койчулары табылат. Болбосо 2-3 жыл мурун каза болгондордун туугандары чыгаар, дагы аман калганына шугур десин, тырайтып атып кетсе эмне болот эле, асманда учуп журо бербей жерге тушсун, колу канга буланганын эстеп, ошол маркумдардын уй-булолоруно жардам берип турсун биртке акыл болсо ошол башта, болбосо оз азабы озуно, касаптар коп эсебин тапчу!!!
+5
mi-li-na
2014-09-08 16:15:45
Бу мэрдин баласын камашкан жок беле, оз куноосун тартат балам деенсип жаткандай болду эле го атасы."озунду эр ойлосон бироону шер ойло" же болбосо "келме кезек" деген бар... Азыр адамдан адам коркчу заман жооок, эскертуу болгон сыяктуу доогурсугон немеге...
0
WINNER
2014-09-08 17:30:11
Жакшы болуптур,бироону сузуп кетип эркиндикте жыргап журот!
0
Looks
2014-09-09 00:02:34
Бир отоло бир жерин кесип кетпептир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан