Депутаттар комитет жыйындарына келбеген министрлер боюнча Жоомарт Оторбаевге кайрылышмакчы

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин күн тартибинен дагы бир маселе кийинки аптага жылды. Буга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жыйынга келбегени себеп болду. Отурумда өлкөдөгү эпизоотикалык кырдаал талкууланмак. Бирок маселеге кезек келгенде нааразычылык чыкты. Депутат Абдыжапар Бекматов: "Жыйынга чакырылган министрлердин ордуна орун басарлары келишиптир. Бул эмне кылганы? Тайырбек Сарпашев иш сапарда болсо, башка вице-премьер келбейби?"- деди. Комитет жыйындарына келбей койгон министрлердин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кайрылуу сунушун кошумчалады депутат.
Башка депутаттар маселени кароону кийинкиге калтырууну сунуштап, колдоо тапты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан