Кыргызстандын өкмөтүнүн "Центерра" менен сүйлөшүү процесси өтө оор болууда. Муну бүгүн, 8-сентябрда "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. "Центерра" тарап сүйлөшүүнү Казакстандын же Түркиянын аймагында өткөрүү талабын коюп келген. Бирок биз сүйлөшүүнү Бишкекте өткөрүү талабын коюп, ага жетиштик",- деди Мамытов. Айтымында, 25-августтан 30-августка чейин Бишкекте болгон "Центерранын" өкүлдөрү өкмөт менен жолугушту. Алар документтердин толук пакетин сунуштаган, кыргыз тарап өзүнүн вариантын даярдады. Мамытов эки тарап азырынча бир пикирге келе электигин айтты. "9-13-сентябрда эки тараптын юристтери эл аралык юристтер менен жолугушуу өткөрүшөт. 20-25-сентябрда дагы бир жолугушуу өткөрүү пландалууда. Негизги пикир келишпестик ушунда болууда: "Центерра" биргелешкен жаңы ишкана ачык акционердик коом эмес (ААК), жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) болушу керек деп жатат. Жогорку Кеңеш ААК болсун деп токтом кабыл алган. ААК менен ЖЧКнын ишмердүүлүгү эки башка мыйзамдар менен көзөмөлдөнөт. Негизги маселе ушул",- деди Мамытов.