Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 8-сентябрда кыргыз-тажик унаа жолдорун пайдалануу боюнча эки тараптуу келишимди жабык эшик артында талкуулап жатат. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев өкмөттүн суранычы экенин айтып, маселени жабык эшик артында кароо сунушун киргизди. “Эки өлкөнүн саясий кызматташтыгын эске алып маселени жабык кароону сунуштайм. Анткени ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн”,- деди Иманалиев.
Жыйынга депутаттар, вице-премьер Абдырахман Маматалиев жана бир катар өкмөт мүчөлөрү катышып жатат.