Осмонбек Артыкбаев "Газпромдун" өкүлдөрү менен энергетикалык көйгөйлөрдү сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 8-сентябрда "Газпром" компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Компанияны башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушуу өткөрдү. Министр Артыкбаев кызматташтык үчүн Маркеловго ыраазычылык айтты жана Кыргызстан менен "Газпромдун" мындан аркы алакасы жакшырарына ишенерин билдирди. Меркелов: "Долбоорлорду каржылоо боюнча чаралардын баары Кыргызстандын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүсү үчүн кабыл алынды. Насыя маселеси учурда каралууда",- деп билдирди. Тараптар сүйлөшкөн негизги тема өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү болгонун билдирет мекеменин басма сөз кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан