Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы №2-мамлекеттик резиденцияда Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды. Өлкө башчы түрк тилдүү мамлекеттердин достугун жана биримдигин бекемдөө үчүн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылык айтышты. Бул оюндар аркылуу түрк тилдүү мамлекеттер гана эмес, башка өлкөлөр дагы маданият, тарых жана спорттун жалпылыгын көрүшөрүн белгилешти. Алмазбек Атамбаев Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн аларга ыраазычылык билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан