Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 8-сентябрдагы жыйынында “Жайыт жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча макулдашуунун долбоору каралды.
Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлөт. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, бөлүнгөн акчанын 6 миллион 750 миң доллары грант түрүндө, 8 миллион 250 миң доллары насыя иретинде берилмекчи. Кредиттик насыя 30 жылга берилип жатканы айтылды.
“Бөлүнө турган сумма Талас жана Чүй облустарындагы мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртууга пайдаланылат”,- деп билдирди Айдаралиев.
Депутаттар суроо-жооптон соң макулдашуу долбоорун колдоп беришти.