Аламүдүн районунун тургуну өз кызын атып өлтүрүп, кийин өзүнүн жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Маевка айылынын 64 жаштагы тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнүн 38 жаштагы кызын ок атуучу курал менен атып салган. Жыйынтыгында кызы ооруканага бараткан жолдо каза тапкан. Кийин аталган жаран куралды өзүнө каратып ок чыгарып, жанын кыюуга аракет кылган. Бирок ал аман калып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, ата менен кыздын ортосундагы чыр үй талашуудан келип чыккан.