Бишкекте билим берүү жана илим министринин катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте билим берүү жана илим министринин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 8-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-сентябрь күнү А.Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен Тойота Камри унаасынын 53 жаштагы айдоочусу Д.Айхан денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчи унааны билим берүү жана илим министри Канат Садыков башкарып бара жаткан. Учурда эки унаа тең айып жайга токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munara-55
2014-09-08 17:30:18
Акыркы кундору чондордун да жол эрежесин бузгандарын жазалай баштады бейм-эгер чын эле ошентишсе жакшы жышаан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан