Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде кыргыз-тажик чек арасындагы жолдордун маселеси жабык каралууда

Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик унаа жолдорун пайдалануу боюнча эки тараптуу келишимди жабык эшик артында карап жатат. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү, 8-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Алгач депутаттар аталган келишимдин кереги жок экенин айтышып, кароодон баш тартышкан. Жыйын жүрүшүндө депутат Исмаил ИсаковБул келишимдин Кыргызстанга эмне кереги бар?” деген суроо салды.  

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маселени кенен, жабык эшик артында кароону сунуш кылды. “Бул келишим бүгүн келди. Ошондуктан карап коюуңуздарды өтүнөм. Эгерде туура көрсөңүздөр, журналисттерди жыйындан чыгаралы”,- деди. Депутаттар анын сунушун колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан