Кечээ, 7-сентябрь күнү Токмок шаарынын 48 жаштагы тургуну ооруканага кайрылган. Анда анын бычактан жараат алганы аныкталган. Мындан улам оорукана кызматкерлери милицияга кайрылышкан.
Бул боюнча милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп, жабырлануучуну бирге жашаган жарандык никедеги күйөөсү ашкана бычагы менен бир канча жолу сайганы белгилүү болгон.
Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.