Кыргызстанда 1674 Айылдык ден соолук комитети бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, комитеттер өлкөдөгү айылдардын 82 пайызын өз карамагына алышкан. Райондук ден соолук комитеттеринин саны 58. Айылдык ден соолук комитеттери йоддолгон туздарды колдонууну жайылтуу, гипертония, аракечтик, бруцеллёз, кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилери, кургак учук менен күрөшүү, ВИЧ, СПИДдин алдын алуу иштери менен алектенишет. "Комитеттер ар түрдүү гранттарды, мисалы, ФАП, мончо, тигүү ишканаларын, чачтарач, күнөсканаларды куруу өңдүү долбоорлорду ишке ашырышат" деп айтылат маалыматта.