Тайырбек Сарпашев баштаган кыргызстандык делегация Бакудагы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышат

Кыргызстандын атынан соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына бара турган делегациянын курамы бекитилди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Комиссиянын жыйыны 9-10-сентябрь күндөрү Баку шаарында өтмөкчү. Кыргызстандык делегациянын курамы төмөнкүдөй:
Тайырбек Сарпашев, биринчи вице-премьер-министр
Айжигит Буранов, КРнын Азербайжандагы иштер боюнча убактылуу өкүлү
Кубатбек Боронов, өзгөчө кырдаалдар министри
Шералы Абдылдаев, Мамлекеттик материалдык резерв фондунун башчысы
Гүлмира Сыдыкова, өкмөттүк аппараттын эксперти
Бактыбек Абдиев, Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы
Эрмек Жанат, Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы
Асел Тургунбаева, Экономика министрлигинин бөлүм башчысы 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан