Америкада миңден ашуун бала белгисиз вирусту жуктуруп алганы айтылууда

АКШда 1375тен ашуун бала белгисиз вирусту жугузуп алганы айтылууда. Алардын ичинен 68и ооруканага жеткирилсе, бир нече мектеп окуучусу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалым болду. Бул тууралуу 8-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Дарыгерлер дартка толук аныктама берише элек, бирок анда энтеровирус-68 оорусунун белгилери пайда болгонун маалымдашты. Белгилүү болгондой, бул оору сасык тумоого окшош, дем алуусу кыйындап, адамдын дене табы жогорулайт. Астма менен ооругандар жана беш жашка чейинки балдар үчүн кооптуу. 

Вирусту жугузгандар Миссури, Канзас, Иллинойс, Кентукки, Айова, Колорадо, Огайо, Оклахома, Түндүк Каролина жана Жоржия штаттарында пайда болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан