Чолпон-Ата шаарындагы ипподром Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толук даяр. Муну бүгүн, 8-сентябрда иш-чаранын катчылыгы билдирди. Иш-чаранын ачылыш аземине 7 миңдей адамдын катышары күтүлүүдө, анын ичинде чет элдик дипломатиялык жана спорттук делегациялар бар. Бүгүнкү күнгө карата оюндарга Азербайжан, Австрия, Ооганстан, Беларусь, Бразилия, Германия, Казакстан, Литва, Монголия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Швеция, Түштүк Корея жана Орусиядан делегация катышары белгилүү болду. Өлкөгө учурда 10дон ашык делегация келди. Көчмөндөр оюндарын Кыргызстандан 120, чет элдик 80дей журналист чагылдырмакчы.