Меккеге ажылык сапарга барчу 147 адам "Манас" аэропортунан учуп кетти

Меккеге ажылык сапарга барчу 147 адам бүгүн, 8-сентябрда саат 15:15те "Манас" аэропортунан учуп кетти. Зыяратчылар Бишкек-Дубай-Медина маршруту менен сапар алганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Ажылык сапарга барчуларды тийиштүү авиакомпаниянын учактары 8-сентябрдан 28-сентябрга чейин тейлемекчи. "Кыргызстандан жалпы 3685 адам ажылыкка барат. Мунун 1597си "Манас" аэропортунан, 2088и Ош аэропортунан кетет",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан