Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 8-сентябрда Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчы Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын жогорку деңгээлде экенин белгиледи. "Кыргызстан менен Башкортостандын кызматташтыгынын потенциалы абдан чоң. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы товар айлантуунун көрсөткүчү 224 миллион 180 миң долларды түздү. Кызматташтыкты кеңейтишибиз зарыл. Сиздин келишиңиз Кыргызстан менен Башкортостандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө түрткү болот деп ишенем",- деди Оторбаев.
Хамитов "биз предметтик сунуштар менен келдик, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарбыз" деп билдирди.
Айта кетсек, Рустэм Хамитов өлкөгө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келген.