Бишкекте 27-сентябрда Иманалы Айдарбековдун мааракесине карата марафон өтөт

Кыргызстандын туңгуч мамлекет башчысы Иманалы Айдарбековдун мемориалдык музейин өзү туулап-өскөн айылында ачуу, шаардагы Пушкин көчөсүнө анын атын берүү пландалууда. Муну 8-сентябрда "Парламент" радиосундагы маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева билдирди. Ушул жылдын 27-сентябрында Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык мааракесине карата марафон өткөрүлмөкчү. 

Айта кетсек, 2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында борбор шаардагы Мамлекеттик ишмерлер аллеясында И.Айдарбековдун айкели ачылган. Мындан сырткары анын аты Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1-гимназияга ыйгарылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан