Ирактагы террордук жардырууда 17 адам набыт болуп, 60тан ашуун адам жаракат алды

Ирактын Дулуия шаарындагы эки теракттан каза болгондордун саны 17ге жетсе, жабыркагандардын саны өсүп, 60тан ашты. Бул тууралуу 8-сентябрда жергиликтүү радиостанцияга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Биринчи жардыруу шаардагы коомдук коопсуздукту сактоо үчүн курулган штабда жарылса, экинчисинде террорчу жарылуучу зат коюлган унаа менен штабга кирип барып жарылган. Белгилүү болгондой, согушчандар буга чейин аталган шаарга чабуул жасашкан. Бирок жергиликтүү тургундар алардын мизин кайтарган. Мындан улам алар экинчи жолу согуштук аракетти көрүшкөн. Жардыргандар жөнүндө так маалымат айтыла элек. Айрым маалымат булактарында алар "Аль-Каида" менен байланышы бар "Ислам мамлекети" диний уюм экени айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан