Кыргызстандык 10 мамлекеттик кызматкер Түркиядан окуп келүүгө жиберилет

Кыргызстандык 10 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер быйыл сентябрь айында Түркиядан окуп келүүгө жиберилет. Алар Түркиядагы престиждүү деп эсептелген Түркия жана Жакынкы Чыгыштын Мамлекеттик башкаруу институтунда билимин өркүндөтүшмөкчү. Муну КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Чиновниктер "Мамлекеттик башкаруу" магистрдик программасы боюнча 1 жыл окушат. Алардын тамак-ашын, жашоочу жайларын, билим алуусун жана башкаларын Түркия тарап каржыламакчы. "Сырттан окуп келүүгө талапкерлер КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы уюштурган сынак аркылуу тандалды. Чиновниктер 10 ай түрк тилин үйрөнүштү. Эми сентябрдын аягында билим алууга киришет" деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан