Исмаил Исаков "газ кымбаттайт" деген чиновникти жарга такады

Бүгүн, 8-сентябрда парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө маселе каралды. Депутаттардын суроолоруна экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов жооп берди.

Муканбетов 2014-2017-жылдарга карата өлкө экономикасынын болжолдуу анализи гана чыгарылганын айтып, терс таасирин тийгизе турган жактарын да атады. “Газга болгон баанын өсүшү күтүлөт”,- деп бир катар болжолдуу эсептик көрсөткүчтөрдү атады. Депутат Исмаил Исаков:Азыртадан газ кымбаттай турганын кыйытып жатасыңар. "Кыргызгазды" "Газпромго" 1 долларга өткөрүп берип жаткандагы убадаңар кана? Президенттин сөзүн жалганга чыгарып жатасыңарбы?”- деди.

Министрдин орун басары бул жөн гана алдын ала болжол экенин айтты.

Кайра сөзүн улаган Исаков: “Мейли дейли, болжолду планды аябай көркөмдөп түзгөнсүңөр. Бирок газ кымбаттаса, 8-12 миң сом айлык алып жаткан милиция кызматкерлери кантип жашайт? Мен региондорду кыдырганда күбө болдум. Биринин 4-5 баласы бар болсо, 12 миң сом айлык алат. Болжолуңарда бир адам айына 5500 сом акча сарптайт депсиңер", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан