Депутаттар “жер алдындагы сууларды пайдаланууга өтүшүбүз керек” дешти

Кыргызстанда жер алдындагы сууну пайдаланууга өтүү керек. Мындай пикирди депутат Талант Узакбаев ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 8-сентябрдагы жыйынында билдирди. Узакбаев дүйнө жүзүндө суу көйгөйү курчуп, сугат суусу эмес, ичүүчү суу менен камсыздоо кыйындап бара жаткан маалда ички резервдерди пайдалануу зарыл. Айылдарга мурдагы геологиялык чалгындалган карталарды (суу чыга турган жерлер боюнча) берүүнү сунуштады. “Жеке жактар айтып жатышат, "канча метр жерден суу чыгат, бул боюнча маалымат эле бергиле, өзүбүз чыгарып алабыз" деп. Ушул багытта иш жүргүзүүнү сунуштайм”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан