Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы тарабынан 31-августтан 6-сентябрга чейин 6 килограммдан ашык баңги каражаттары алынды. Бул тууралуу аталган кызматтан бүгүн, 8-сентябрда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, 1 килограмм 875 грамм героин, 263 грамм гашиш, 4 килограмм 500 грамм марихуана алынган.
Ошондой эле бир жума аралыгында баңгизаттарына байланышкан 5 кылмыш аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.