Бишкек шаарынын тургуну "250 литр күйүүчү май уурдаган" деп шектелүүдө

Бишкек шаарынын тургуну "250 литр күйүүчү май уурдаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 40 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда белгисиз жарандар “Шнос” май куюучу жайынан 250 литр бензинди уурдап кетишкени айтылган. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 52 жаштагы М.Осмоналы кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан