Жылнаама, 9-сентябрь: Мындан 13 жыл мурун куудул Манас Бердибеков каза болгон

* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы куудул Манас Бердибеков 45 жаш курагында каза болгон. Манас Бердибеков 1956-жылы 15-майда Базар-Коргон районуна караштуу Партсъезд айылында (азыркы Бай-Мундуз айылы) туулган. Куудул "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр" жана башка интермедиялары менен элдин эсинде калган.
 
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы орусиялык жана казакстандык "A-studio" тобунун ырчысы Кети Топурия Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Кетеван Топурия. Ал 1998-жылы Тбилисидеги музыкалык мектепти, кийин 2003-жылы музыкалык училищени аяктаган. Ошол эле жылы Кети Грузияда ырчы катары атактуулукка жетишкен. Ырчы айым Грузиянын Мамлекеттик университетинин психология бөлүмүнө тапшырган. Бирок "A-studio" тобуна мүчө болуу сунушу түшкөндө, Кети окуусун таштап, Москвага сапар алган. 
* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы Эстониянын Пярну шаарындагы Балтфет комбинатынын бир нече жумушчусу метил спиртин уурдап чыгып, арак кылып сатышкан. 2 күн ичинде спиртке ууланып 68 адам каза болсо, 43 киши майып болгон. 
9-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан