Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Түркия президентинин кайрылуусунда булар айтылат:
“Эл аралык деңгээлдеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда өтүп жатканына мен өтө кубанычтамын. Орток тили, маданияты жана тарыхы менен биригип турган түрк дүйнөсүнүн нукура баалуулуктарын даңазалоого багытталган ушундай иш-чаралар мамлекеттерибиз жана элдерибиздин туугандык жана ынтымактуулугун чыңдайт деп чын жүрөктөн ишенемин. Каада-салттарыбызды көздүн карегиндей сактап, жаштарыбызга жана келечек муундарыбызга өткөрүп берүү багытында Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарынын мааниси чоң болгондуктан, бул иш-чаранын келечекте дагы түрк дүйнөсүнүн курамындагы айрым өлкөлөрдө өткөрүлүп туруусу зарыл деп ойлойм.
Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын түрдүү багыттарына катышканыбызга жана ошондой эле демөөрчү болгонубузга өтө кубанычтабыз. Биринчи Эл аралык дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан өлкөлөрдүн ынтымагы өсө берсин! Бардык спортчуларга ийгилик каалап, ушул иш-чарага салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирүү менен, учурдан пайдаланып, бир тууган Кыргызстан элине жалындуу салам жолдойм".