8-сентябрда президент
Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда "Газпром" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы
Алексей Миллерди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча "Газпромдун" Кыргызстандагы ишмердигине байланыштуу маселелер талкууланды. Алексей Миллер мамлекет башчысына "Газпромдун" Кыргызстандын энергетикалык секторун өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу кеңири маалымат берди.
Айта кетсек, орусиялык ишкананын жетекчиси бүгүн, 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына катышат.