Алмазбек Атамбаев Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Аман менен жолугушту
Президент Алмазбек Атамбаев 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Аманды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчы биринчи кезекте соода-экономикалык тармакта пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр болгон кыргыз-малайзиялык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. Атамбаев Малайзиянын тышкы иштер министри Аниф Амандын Кыргызстанга жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө зор салым кошоруна ишенимин билдирди. Аниф Аман экономикада, соодада жана инвестиция боюнча өлкөлөр ортосунда байланыштарды активдештирүү зарылчылыгына токтолду. Сапарынын башкы максаттарынын бири Кыргызстанга Малайзиядан инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосунда бизнес байланыштарын активдештирүү экендигин белгилеп өттү. Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ийгиликтерди каалады. Айта кетсек, Малайзиянын тышкы иштер министри 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына катышат.