Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кытай жарандарына тиешелүү ишкананын белгисиз адамдар тарабынан тонолгону боюнча маалымат тарап, анда Курманбек Сулайманов аттуу жаранга ок тийип Чаткал районундагы ооруканага жаткырылганы маалым болгон.
Учурда аталган жарандын абалы оор экенин, аны Бишкек шаарындагы ооруканаларга жиберүү керектигин бүгүн, 9-сентябрда Чаткал районундагы жалпы практикалык дарыгерлер борбору билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, Курманбек Сулаймановго тийген ок далысына чейин барып калган. Райондун дарыгерлери тарабынан 8-сентябрда ага операция жасалып, окту алышкан жана канын токтотушкан. Бирок майып болуп калбашы үчүн Бишкек шаарына алып барып, бир катар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөрүү абзел экенин дарыгерлер айтышкан.