Алексей Миллер: "Кыргызстанда түндүк-түштүк магистралдык газ түтүгүн өткөрүүнүн 6 варианты иштелип чыкты"

Кыргызстанда түндүк-түштүк магистралдык газ түтүгүн өткөрүүнүн 6 варианты иштелип чыкты. Муну 8-сентябрда Бишкекке келген "Газпром" ААКсынын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер журналисттерге билдирди. Айтымында, газ түтүгүн тартуу варианттары адистер тарабынан изилденип жатат. "Кыргызстан газ менен 25 пайызга гана камсыздалган. Андыктан тармакты өнүктүрүү зарыл. Курулуш иштери менен бирге кен чыгуучу аймактарды чалгындоо иштери да башталат",- деп билдирди Миллер. 
Түндүк-түштүктү бириктирген газ түтүгүнүн узундугу 600 чакырымды түзөрү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан