Данияр Тербишалиев: "Кыргызстанда окутулуп жаткан сабактардын 50 пайызы реалдуу турмушта колдонулбайт"

Кыргызстанда билим берүү системин түп-тамырынан өзгөртүү, тармакты замандын талабына жооп бере тургандай реформалап, компьютердик технологияларды колдонуп, окуучулардын креативдик ой жүгүртүү, лидерлик сапаттарына басым жасоо зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев 8-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Депутат өлкөдө дипломдун пайдасы тийбей калып жатканын айтат. 
"Жалпы билим берүү системи эскирип, окуучуларга илгерки СССРден калган сабактар окутулуп жатат. Мектепти же жогорку окуу жайды аяктаган жаштар жашоого даяр эмес. Сабактардын 50 пайызы реалдуу турмушта колдонулбайт, эффективдүү эмес, демек, кереги жок. Билим берүү тутуму жашоого даяр, 21-кылымдын талабына жооп берген, үчтөн кем эмес чет тилди билген, экономиканын жана коомдун өнүгүү процесстерин түшүнгөн жоопкерчиликтүү кадрларды даярдашы зарыл",- дейт Тербишалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан