Экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласынын уурдалган унаасы Оштон табылды

Экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласынын уурдалган унаасы Оштон табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа Ош шаарындагы кичи райондордун биринен 7-сентябрь күнү табылган. Унаа текшерилип, кичи райондо жашаган тургундар суракка алынган. Учурда унаа Бишкекте.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрь күнү саат 04:20 чамасында 25-27 жаштагы 4 адам Бишкек шаарынын Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде 19 жаштагы Бакай Өмүркуловду тапанча менен коркутуп, Мерседес-Бенц GL350 үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Андан соң Бакай Өмүркуловду күчтөп унаага салышып, Чоң-Арык айылына алып барышкан. Ал жактан сабап, таштап кетишкен.

Бул факты боюнча "каракчылык", "унаа каражаттарын ээлеп алуу", "адам уурдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
WINNER
2014-09-09 10:05:05
Айдаган унаасын кара чекчейетго тимеле. Ошондой мыйзам жазасын бере албагандарды Эл жазалаш керек!
+3
bai.kymbat
2014-09-09 10:17:20
WINNER, туп туура айттын!
+3
_KipchaK_
2014-09-09 10:56:20
WINNER, Туура соз. Атасынын служебный машинасы менен мас болуп алып 3-4 адамды койдой тебелеп олтуруп койду эле. Эч ким эч нерсе кыла албады. Раз бийлик жазалай албайбы, эл жазаласын.
+4
Eldiyar85
2014-09-09 10:18:28
Бул машине кеминде 4-5 лям турат... Кызык баласы кай жерде иштейт???
+2
burger
2014-09-09 11:34:24
Eldiyar85, Анчалык кымбат эмес.. 2007-08 жылкыларын америкада $17-18000'ге аласын.. Жакшылап издесен $15,000'ге деле табасын. Кыргызстанга жетиши менен $25,000... Корунушу сонун корунот:)) Акчасы арзан эле
-4
maks0908
2014-09-09 16:42:54
burger, анчалык эле кымбат эмес дейсин го я,мындай машина эмес эшек сатып ала албай журом го э,чиновниктер ушундай машиналарды балдарына алып бергенден коро кедей кембагалдарга кичине жардам берип койсо сооп эле болот го,канчалаган адамдар машина эмес балдарынын ден-соолугуна операцияларына акча таппай журушот,19 жаштагы бала велосипед тээп журсо деле болот го дейм да
0
burger
2014-09-09 17:20:37
maks0908, Жогоруда 4-5 лям деп жазып жатат.Мен болгону машинанын чыныгы баасын айтып жатам. Мага десе танк алып айдаса деле озунун иши.Мен мамлекеттен бир нерсе умут кылбай койгонума коп жылдар болгон. Турктор айтмакчы " ар бир кой, озунун туягынан асылат".Эгер сенин же башка бироонун акысын жеп, баласына машина алып берген болсо анын да жооп бере турган куну бар.Эгер оз мээнети менен таап, баласына алып берген болсо, жалган кылбаган иши учун куноолосон сенин да созуно жооп бере турган кун бар
-1
tursunmurat1991www
2014-09-09 10:23:43
Кайдан атасы алып бергендир бул авто унаны
+1
mirbakg
2014-09-09 10:27:48
Тартып алган балдар жон эле Бишкектен Ошко жетип алыш учун эле алган окшойт ошончо тартып алып минип келгенден кийин башка ойлору болсо мынтип кочого таштабайт эле !!
+4
tolkun85
2014-09-09 10:32:33
тунку клубдардын шорун берсе керек казинолордун.
+2
Dadin1
2014-09-09 10:58:11
Наркокортельдин иизи корунуп турат.Эми баласын чет олкого качырбаса ит аткандай атып кетишет.
+1
boztalaa
2014-09-09 11:00:44
Каралар тартып алганго менимче греф бербесе.
0
WINNER
2014-09-09 12:17:06
Эми ал уурдагандарды кайдан болсо да табып,мыйзам турундо каматат. Себеби аларда акча копда.
+1
Sizge.kat
2014-09-09 13:20:31
19 жаш эмес 99 жашка чыккыча мындай машинеге жетпей отуп кеткендер тотура кор тирликтин айынан бул машине элдин акчасына келгендир кудай деп жакасын кармасын даагы озу аман калыптыр
+2
kursantbek
2014-09-09 13:37:53
19 жаштагы баласы ушундай машине айдаса анда биз жашоонун кызыгын деле коро елек екенбизда))))
+1
Frunze1
2014-09-09 14:13:12
Бийлик эл учун эмес оздору учун иштейт. Мына парадокс: Омуркуловдун уулу 3-4 адамды сузуп олтуруп кетсе да кылы кыйшайбады, жазага тартылбады, эми аны уруп машинесин угон кылгандар изделип, табылса оор жаза кутуудо. Кана озунор салыштыргылачы, адам токмоктогондордун жазасы канча болушу керек, 3-4 адамды олтургондун жазасы канча болушу керек, ким канча жаза отоду? Булардын кимиси чыныгы жазага татыктуу?!!! Мыйзам иштесе Омуркуловдун баласы бери болгондо 10 жыл абакта жатышы керек болуучу!!!
+11
gooool
2014-09-09 15:03:45
Элдин машинасы...элге болсун...
+5
graffbatkensky
2014-09-09 20:31:44
Ар бир адам кандай машине айдаса да акысы бар! Это средство передвижения и каждому свой комфорт. Ууруларга соз жок!!!
-1
RNA78
2014-09-09 21:02:40
Сайдыкы сайга, кумдуку кумга...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан