Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен Эл аралык эмгек уюму бюросунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Димитрина Димитрова Кыргызстандын 2017-жылга чейин социалдык коргоо боюнча жаңы программасынын алкагында кызматташууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу 9-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүнкү күндө өлкөдөгү социалдык коргоо жаатындагы 2012-2014-жылдарга карата иштелип чыккан алгачкы программа соңуна чыгып бара жатат. План 78-84 пайызга аткарылып, эл аралык өнөктөштөрдүн тажрыйбасына карап жакшы баа берилди. Учурда жаңы программанын материалдары даяр болуп калды",- деди министр.
"Балдар эмгеги жаатында аткарган шмердүүлүгүңүздөрдүн жыйынтыгына жогору баа беребиз. Мыйзамдуулук да жакшы жакка өзгөртүлдү, жаңыча кадамдар киргизилип жатат. Биз кыргыз өкмөтү менен биргелешип комплекстүү иш алып баруу боюнча программа иштеп чыгууну ниеттенебиз",- деди Димитрина Димитрова.