Ош шаардык сотунун судьясына козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Прокуратура Ош шаардык сотунун судьясына козголгон кылмыш ишин иликтеп бүтүп, сотко өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ош шаардык сотунун Т.Ж. аттуу судьясы кызмат абалынан пайдалануу менен мэрия тарабынан ижарага берилген жер тилкесин келип түшкөн арыздын негизинде жеке менчикке чыгаруу боюнча чечим кабыл алып койгон. Мунун айынан Ош шаардык мэриясы 0,9 гектар жер тилкесинен кол жууп калган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Т.Ж. аттуу судьяга “кызмат абалынан пайдалануу", “атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу” беренелери боюнча айып тагылып, иш сотко өткөрүлдү.

        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
as.fanat
2014-09-09 10:54:10
...а барагелде) корупционерлерди жёстко чавыш керек, жёстко!
0
Wave.
2014-09-10 11:45:59
Болушпой койсо ошондой болот....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан