Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызмат адамдары облустагы спорттук иш-чараларды өткөрүүдө 53 800 сомду өздөрүнө мыйзамсыз чегерип алышкан.
Учурда “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.