Чүйдө милициянын подполковниги ишкерден опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкери, А.Т.К. аттуу милициянын подполковниги жеке ишкерди опузалап коркутуу аркылуу маал-маалы менен 1000 АКШ долларын алып турган. Бул боюнча атайын ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, Кара-Балта шаарынан аталган милиция кызматкери ишкерден 15 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Кийин соттун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.
Иликтөөдө аталган милиция кызматкери буга чейин кызмат абалынан пайдаланып келгени аныкталды. Маселен, 2011-жылы А.Т.К. тарабынан Кара-Балта шаарынын тургуну жалган негизде жоопко тартылып, 8 ай УКМКнын СИЗОсунда камакка отуруп чыккандыгы белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери уланууда.