Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Тажикстандын Оли Мажилисинин Мили Мажилисинин төрагасы Махмадсаид Убайдуллоев менен Оли Мажилисинин Намояндогон Мажилисинин төрагасы Шукуржон Зухуровго өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер көп кылымдык достук байланыштарга негизделген. Мындай алакалардын артышына биздин парламенттер да өз салымын кошууга тийиш. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында мындан ары да биргелешкен аракеттер болоруна ишеним артам. Сиздердин мамлекеттик маанилүү ишиңиздерге ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүү каалайм” деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо катында.