Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүүлөр батир берем деген жарандар менен квартирант катары сүйлөшүшүп, кийин батирдеги тиричилик техникаларын, эмеректерди уурдап кетишчү.
Учурда кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ильяз, 28 жаштагы Нурлан, 20 жаштагы Бексары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардан Бишкек шаарынын 3 тургуну жабыркаган.