Парламент депутаттары тергөө иштеринин сапатына нааразы

Бүгүн, 9-сентябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууга алынды. Талкууда депутат Нуркамил Мадалиев тергөө органдарынын адилеттүү иштебей жатканына токтолду. “Чынында, тергөө органдарынын иштери адилеттүү эмес, көпчүлүк нааразы болуп жатат”,- деди депутат.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Урмат Аманбаева буларды айтты: “Кылмыш кылган адамга кылмыш иши токтотулуп же баш коргоо чарасы өзгөртүлсө, арыз ээсине кабар берилиши керек. Бул мыйзам долбоору ушуга багытталып жатат. Колдонуудагы мыйзамда “кабар берүү” деп гана жазылыптыр. Ошондуктан кылмыш иши токтотулганда токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү арыз ээсине жеткирип бериши керек”.

ИИМдин өкүлү бул мыйзам тергөөчүлөрдү каржылык жактан чыгашага алып келерин айтты. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан