Бактыбек Калмаматов "элдин жол тосушуна бийлик күнөөлүү" деди

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 9-сентябрдагы жыйынында "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Талкууда депутат Бактыбек Калмаматов лдин жол тосуп жатканына бийлик өзү күнөөлүү" деп билдирди. Айтымында, жол тосууларды болтурбоо үчүн бийлик алдын ала чара көрүшү керек. "Биз элди гана күнөөлөп жатканыбыз туура эмес. Элдин жол тосушуна бийлик өзү түрткү болуп жатат. Мына, Ошто канча айдан бери газ жок, светтери өчүүдө. Жол тосууга акылуубу? Акылуу. Эмне үчүн газдын берилбей калышы боюнча бир да кишиге чара көрүлгөн жок?"- деди Калмаматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан