Алиясбек Алымкулов Катардын жаштар министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 8-сентябрда Катардын жаштар жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Али менен жолугушту. Министрлер жаштар саясаты боюнча кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 2013-жылы министр Алымкулов Катарга иш сапары менен барып, Салах бин Ганим Аль-Али менен жолугушкан. Анда эки өлкө ортосунда жаштар саясаты тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык меморандумуна кол коюу макулдашылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан