Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Владимир Москалевдин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн приезиденттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.