"Газпром Кыргызстан" компаниясынын директору болуп Болот Абилдаев дайындалды

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын директору болуп Болот Абилдаев (сүрөттө) дайындалды. Абилдаев компаниянын жамаатына "Газпром" ААКсынын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллердин катышуусунда тааныштырылганын 24kg өздүк булактарга таянуу менен билдирди. Айта кетсек, буга чейин аталган ишкананы Тургунбек Кулмурзаев жетектеп келген.
Болот Абилдаев:

1991-93-жылдары КРнын чийки заттык биржасынын вице-президенти;  

1993-94-жылдары "Дасмия" ЖЧКсынын директору;  

1994-96-жылдары кыргыз-казак биргелешкен "КиК Ltd" ишканасынын директору;  

1996-97-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору;  

1997-99-жылдары Свердлов районунун аймактык казыначылык бөлүмүнүн башчысы;  

1999-2000-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы "Түндүк" темир жолу бажысынын башчысы;  

2000-2002-жылдары Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору;  

2002-2003-2005-жылдары КРнын Каржы министри;

2006-жылы орусиялык "Газпром" компаниясынын президентинин кеңешчиси;  

2006-жылдын июль айынан бери бүгүнкү күнгө чейин "ГазпромнефтьАзия" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан