Талас облусунда “зордуктоого аракет кылган” деп шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Талас шаарынын 30 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал үйүнө белгисиз азиат улутундагы бала кирип, зордуктоого аракет кылганы туурасында айткан.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган шаардын 1993-жылы туулган Т.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.