"Кыргызстанда жалпы 1891 калктуу конуш болсо, анын 1805и айыл деген толук аталыштарга ээ. Алардын 1272синде таза суу менен камсыздоо маселеси араң жан абалда. 396 айылда таптакыр таза суу жок",- дейт депутат Курмантай Абдиев. Муну депутат бүгүн, 9-сентябрда "Парламент" радиосунун түз байланышында билдирди. Быйыл таза суу менен камсыздоо маселесине республикалык бюджеттен 200 миллион сом суралгандыгына карабай 25 миллион сомдук эле каражат каралганын, анын 5 гана миллион сому колго тийгенин айтат ал.
"Сууну көчөлөргө орнотулган суу түтүктөрү эмес, ар бир үйдүн короосуна киргизилген суу түтүктөрү аркылуу камсыздашыбыз керек. Ошондо суу пайдалануучулардын жоопкерчилиги артып, суу түтүктөрүнө аяр мамиле жасап, андан алып жаткан сууну да сарамжалдык менен колдонууга өтөт",- деп кошумчалайт депутат.