Вице-премьер-министр Валерий Диль 8-сентябрда швейцариялык "Stucky" энергетикалык компаниясынын жетекчиси Антуан Дюбаны кабыл алды. Жолугушууда Дюба өлкөгө инвестиция салуу менен ар түрдүү кубаттуулуктагы ГЭСтерди курууга кызыкдар экенин билдирди. "Биз жергиликтүү рынокту иликтеп көрүп, Кыргызстандын энергетиканы өлкөнүн ичине сатууда гана эмес, аны экспорттоо потенциалы жогору деген чечимге келдик",- деди ал. Валерий Диль өлкөдө ишкерлик кылууга түзүлгөн шарт тууралуу маалымат берип, Кыргызстан ата мекендик рынокко европалык компаниялардын киришине кызыкдар экенин кошумчалады.